народный

Коронавирус жуктуруп алган дагы 14 учур катталды. Жалпы 144

Кыргызстанда4-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 14 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

“Жаңы катталган 14 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 1, Ош облусунда – 5, Ош шаарында – 2, Жалал-Абад облусунда – 6 адам бар. Беш учур сырттан келген, калган тогузу алар менен байланышта болгондор”, – деп кошумчалады ал.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 144 кишиге жетти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru