Коронавируска кабылган Сузактык тургун умрадан кайтып келгенде той өткөргөн
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус оорусу аныкталган үч жарандын бирөө Сузак районунун Бостон айылынын 1974-жылы туулган К.Х.аттуу тургуну. Анын төрт баласы бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыл өкмөт башчы Сабитжан Халбаев билдирген.
“Бул жаран айылга 13-мартта келген. Анын төрт баласы бар. Азыр айылга өзгөчө кырдаал жарыяланып, үйлөрдөн чыгууга тыюу салынды. Коронавируска кабылган бул жарандын үйү курчоого алынды. Умрадан келгенден кийин 100-150дөй адамга ажы той берген. Азыр мен тойго катышкан 21 адамдын аты-жөнүн аныктадым, алар карантинге алынды”, – деп билдирди айыл өкмөт башчы.
Эске салсак, бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус оорусу аныкталганы кабарланган.