Коронавируска карата вакцина сайылат деген маалымат чындыка дал келбейт
Анда, “Биринчи күндөн баштап, үйдү кыдырып вакцина саят экен. Балдарга дагы, өзүңөр дагы албагыла. Биз жактагылар толук баш тартышты. Себеби, 3 айда вакцина алган адам сөзсүз өлөт экен. Тууган-уруктарга жеткизип койгула. Кытайдан жөнөтүптүр биз даарысын таптык деп. Кыргыздарды кырып, дүйнө жүзүндөгү элдерди жок кылыш керек”- деген сөздөр айтылган.
Эске салсак, УКМК жалган маалыматтарды жана башка ушул багыттагы материалдарды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскерткен.