Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке жарандардан 125,4 млн сом келип түштү

 

 Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке жеке жана юридикалык жактардан 15-апрелге карата (саат 17:00) 125 млн 404 миң 486 сом келип түштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ачылган эсепке келип түшкөн акча каражаттар жана алардын сарпталышы тууралуу маалымат онлайн режиминде help.covid.kg сайтына жайгаштырылган – ал жерде Саламаттык сактоо министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине түшкөн каражаттар тууралуу маалыматтар бар.

Ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн ресурста төмөндөгүдөй маалыматтар көрсөтүлүүдө:

– Атайын депозиттик эсептерге түшкөн акча каражаттар жана аларды бөлүштүрүү;

– Келип түшкөн жана көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү;

– Жардамды бөлүштүрүү: которуулардын негиздемелери, келип түшкөн кайрымдуу жардам кимге жана кайда жөнөтүлдү.

Ресурста жайгаштырылган кошумча маалымат:

– жардам көрсөткөн булак, берилген жардамдын беренелер боюнча бөлүштүрүлүшү жана анын көлөмү;

– азык-түлүк алууга жарандардан келип түшкөн билдирмелердин саны, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны жана көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү;

– “ыкчам байланыш” боюнча көп берилген суроолор боюнча маалымат.

Маалыматтык ресурс Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT штабдын адистери тарабынан иштелип чыккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru