Коронавируска каршы күрөшүүгө 5,5 миң медкызматкер тартылды

Коронавируска каршы күрөшүүгө 5,5 миң медкызматкер тартылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө COVID-19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 79ду түзөт.

“Алардын ичинен 24 дарыгер, 32 орто медперсонал – медайымдар, лаборанттар, дарыгерлердин жардамчылары, калгандары кенже медперсонал – санитаркалар, ашпозчулар жана башкалар”, – дейт Үсөнбаев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru