народный

Коронавирустан 79 жаштагы бейтап каза болду

Москвада коронавирусту жуктурган кемпир каза болду. Бул тууралуу шаардын оперативдүү штабынан билдиришкенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, буга чейин кемпир бир катар өнөкөт оорулары менен ооруп келген.

“79 жаштагы бейтап 13-мартта ооруканага жеткирилген. Туугандарынын сунушу менен ал 14-мартта жеке медициналык уюмдун дарылануусуна өткөн. Коронавирусту аныктоочу анализдеринде илдеттин белгилери катталгандыктан, кемпир №2 жугуштуу оорулар ооруканасына которулган. Ооруканада каза болгон бейтап бир катар өнөкөт ооруларынан жапа чегип келген”, – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru