Коронавирустан айыккан 3 бейтап ооруканадан чыгарылды
Коронавирустан айыккан 3 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет .
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап чыгарылган. Алар 24-25 жаштагы жигиттер жана 45 жаштагы аял.
“Учурда абалдын канааттандырарлык. Кайрадан алынган ПЧР-анализинин жыйынтыгы коронавирустун жок экендигин көрсөтүп, ал ооруканадан чыгарылды”, – деп кошумчалашты министрликтин.