Коронавирустан каза болгон жаранды акыркы сапарга узатууга 6 гана киши катышты

Коронавирус илдетинен каза тапкан Ноокат районунун 61 жаштагы жаранын жерге берүүгө 5-6 адам гана катышкан. Бул тууралуу брифинг учурунда Ош, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, маркумдун урук-туугандары сөөк коюуга жана жаназа намазын окууга катыша алышкан эмес.

Сөөк коюуга 5-6 адам гана катышты. Жаназа намазы көрүстөндө окулду. Ачык айтайын, маркумдун туугандары анын сөөгүн жерге берүүгө катыша алышкан жок. Бул акыркы абалга байланыштуу, анткени кырдаал олуттуу. Коронавирусту жуктургандан кийин өлгөн адамдарды көмүү үчүн белгилүү нормалар да бар. Бул тууралуу дарыгерлер дагы айтып беришет “, – деп билдирген Нурдинов.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru