народный

Коронавирустан каза болгондордун саны он миңге жетти

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны он миңге жетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө жалпысынан 229 328 адам бул ооруга чалдыккан.  9 761 адам көз жумду. Ал эми 84 миңден ашуун киши оорудан сакайып чыкты.

Акыркы суткада 997 адам оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.  23 100 жаңы адам катталды.

Оору дүйнөдөгү 156 өлкөдөн аныкталды. Алардын ичинде Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан дагы бар.

11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп тааныган.

Пандемия – жугуштуу оорунун бир нече өлкө, континентке массалык түрдө таралышы. Буга чейин дүйнөгө жайылган коронавирстун жаңы түрүнө COVID деген расмий аталыш берилген – CO коронавирусту, VI вирусту туюндурса, D ооруну билдирет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru