народный

Коронавирусту алдын-алууда жоопкерчиликтүү жана сабырдуу бололу

Коронавирусту алдын алууда ар бирибиздин жоопкерчиликтүү, аң-сезимдүү жана сабырдуу мамилебиз аба менен суудай керек
Коронавирус өзүнчө бир апаатка айланбаса дагы дүйнө жүзүн селт эттирип турган чагы. Бирок тарых барактарында мындай эпидемияга айланган чума, ич келте сыяктуу жугуштуу оорулар ондоп саналат эмеспи. Тарыхта калган мындай жамы журттун үшүн алган окуялар кайсы бир деңгээлде сабак болсо, кайсы бир деңгээлде элдин башын бириктирип, журттун жоопкерчилигин арттырат экен. Кечээ 10 жыл мурда эле 2011-жылы Жапониядагы цунами коштолгон жер титирөөдөн кийин шаарларда азык-түлүк каатчылыгы сезилгенде, жапон журтчулугунун сабырдуулугуна тан бербеген адам болбосо керек. Фото-сүрөттөр менен видео-материалдар тастыктагандай, тамак-аш алуу үчүн узун кезек күтүүлөрдү көрүп, алардын мындай оор кырдаалга жоопкерчиликтүү мамилеси менен тартипти темирдей сактаган улуттук мүнөзү Жапониянын өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуусуна бирден бир себеп болгондугун дагы бир жолу тастыктап турат.
Тартипке көнгөн элдердин сап башында тургандарынын бири улуу Кытай эли башка элдерге не деген сабак. Тарыхта калгандарын айтпай эле ушул коронавирус чыккан маалдагы тартибин, элинин жоопкерчилигин, бийлигинин ыкчамдыгын, чечкиндүүлүгүн алалы. Санариптештирүү өнүккөн маалда ошол вирус кеңири жайылган шаарлардан келип жаткан реалдуу көрүнүштөр боюнча эмне деген гана таң каларлык маалыматтар келип жатты. Өзү жон териси менен сезип ушул алааматта жашаган орусиялык Мария Бритал социалдык баракчасына Кытайдын Хайнань шаарында бул эпидемия менен болгон күрөштү колун жүрөгүнө коюп туруп, канааттануу менен жазып чыгыптыр. Азык-түлүк дүкөндөрүнөн башкасы бүт жабылган шартта дагы тамак-аштын баасы көтөрүлбөгөнү, кадимки маска жетишсиздиги эки аптага жетпей чечилгени, Өкмөттүн койгон талаптарын кынтыксыз аткарган кытайлыктардын тартипти темирдей сактоосу бул илдет дүйнө өлкөлөрүнө тарагыча абалды турукташтырууга жетишкендигин айтып берген экен. Мария мында тааныштарына, башка элдерге, керек болсо башка өлкөлөргө САБАК болсун деген ниетте жазгандыгы айдан ачык эле көрүнүп турат. Орус кызы мындай опурталдуу жагдайда жалпы эл дүрбөлөң болуп, ызы-чууга алдырбай жоопкерчилик менен мамиле кылуусу эң негизги аракет экенин баса белгилеп берген экен.
Дүйнө эли коркунуч менен кабыл алып, күн кечирип жаткан чакта мындай ийгиликтүү иш-аракеттер менен элдин толеранттуулугу аба менен суудай керек болот эмеспи. Коронавирус Кытайдан кийин эле Түштүк Кореяны, анан Европа өлкөлөрүнөн Италияга жабышып, кадимкидей каптап турган маалы.
Кыргызстандык Аида аттуу мекендешибиз (Аида Рейтиано) Италиядагы кырдаал тууралуу социалдык баракчасына пост калтырып, коронавирустан сактанууда биз үчүн баалуу болгон кеп-кеңештери менен бөлүшкөнү көпчүлүктүн көңүлүн буруп турган чак. Бүгүнкү күндө биздин Өкмөттүн жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кан какшап айтып жаткан кеп-кеңештери сыяктуу эле талаптардын аткарылыш шарт экенин эскерткен. Мектептерди жабуу менен кошо ата-энелер балдарын көчөгө, эс алуу борборлоруна, кинотеатрлар менен компьютердик клубдарга кое берип жибербей, үйдө кармоо зарылдыгын баса белгилеген. Чоңдордун өздөрүн миңдеген адамдардын коопсуздугу үчүн “какаганга муштаган” кылбай, той-аштардан азырынча баш тартып турууну мекендештерине сунуштаган. Өкмөттү болсо окуу жайлар менен кошо жаштар баруучу ар кандай клубдарды кошо жабуу боюнча комплекстүү иш-чараларды көрүүгө чакырат.
Эң башкысы Аида дагы жарандык жоопкерчилик эң негизги маселе экенин баса белгилеген. Ар бир кыргызстандык тартипти, коргонуу чараларын өздөрүнөн баштоосу керектигин сунуштаган. Анын айтымында, италиялыктар өлкөгө вирустин киришине салкын мамиле кылышкандыктан, бүгүнкүдөй оор акыбалга туш болгондугун талдап берген. Мектептер жабылгандан кийин Өкмөттүн кайрылуулары менен өтүнүчтөрүн көңүл сыртына калтырып, бала-чакасы менен эс алып, кыдырып жүрүп алышкандыгынын кесепетинен коронавирус жалпы өлкөгө жайылып кеткенин элибизге “күмүш сырга” кылып айтып берип жатат.
Мекендештерибиздин Кыргызстан үчүн алыста болсо дагы күйүп, көргөн-билгендерин, башкалар колдонуп жаткан тажрыйбаларды коңгуроо кылып коомчулукка жеткирүүгө аракет кылгандарына миң мертебе таазим дегенден башка эмне демекчибиз.
Дүйнөнү түгөл каптап келе жаткан коронавирус боордош Казакстан менен коңшу Өзбекстанда да аныкталгандыгынын өзү эле кооптуу, урматтуу кыргызстандыктар. Аталган эки өлкө менен тең тыгыз карым-катнашта болгондуктан, чек аралардын жабылышы сыяктуу кескин чаралардын көрүлгөндүгүнө карабастан, эртең бизде мындай илдет катталбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Жогоруда айтып өткөндөргө дыкат маани берип саресеп салган болсок, коронавирусту алдын алууда бизден болгону жоопкерчиликтүү, аң-сезимдүү мамиле талап кылынат. Өкмөт тарабынан, тийиштүү министрликтер айтып жаткан талаптарды так аткаруу вирусту жугузуп алып, жайылтууну алдын алат.
Бул аты жаман илдет дүйнө кыдырып баштаганда Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын бул илдетке каршы даярдыгы боюнча иликтөө жүргүзүлүп, анда Кыргызстандын жоон ортодогу даярдыгы белгиленген. Ага кошумча кылып, кылым карыткан кыргыз эли, дем алыш күндөрүндөгү анча-мынча дүрбөлөңгө түшүүсүн эске албаганда, табиятынан сабырдуу экендигин баса белгилеп кетим келет. Дүйнө жүзүнө тараган бул илдетке каршы турууда ата-бабалардан бери келаткан сабырдуулукту туу тутуп, укуктуу мамлекетте, башчысы бар өлкөдө жашаган жаран катары – жалпыбыз жарандык жоопкерчиликти бекем кармануубуз кажет.
“Акыл жаштан, асыл таштан” дегендей жаштар “Ынтымак, ишеним жана тартип!» деген ураан менен флешмоб өткөрө баштады. Мекендин келечегине кабатыр болуп, кам көргөн жаштарыбыз жети өлчөп, бир кесип, дал ушундай ураан менен элди ынтымакка чакырып жатканы колдоого аларлык демилге. Эзелтеден эле кыргыз эли башка иш түшкөндө “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара” ынтымакка келишкен.
Мамлекет башчыларынын коронавирустун өлкөбүзгө өткөрбөө максатындагы иш-аракеттерине, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча далалаттарына ишеним арталы. Өкмөт менен тиешелүү министрликтердин мындай илдетке кабылбоо үчүн айтып жаткан сактык чараларын бекем карманалы. Ошондо гана Кыргызстандын бүтүндүгү, элибиздин саламаттыгы сакталат. Бар бололу, бир бололу, ишеним артып, тартипти бекем сактайлы, урматтуу мекендештер!

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru