Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 78 миңден ашты

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 78 миң 497ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Илдеттен 2 миң 744 адам каза болду жана 32 миң 495 жаран оорудан айыкты.

Маалыматка ылайык, бир суткада 29 адам каза болуп, 433ү ооруну жуктуруп, 2 миң 750 адам айыккан.

Ал эми Хубей провинциясында илдетти жуктурган 409 жаңы учур катталган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru