Коронавирустун жаңы түрү Орусияга жетти

Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Орусияда коронавирустун жаңы түрүнө кабылган жаран аныкталды. Орусиянын федералдык саламаттык сактоо (Роспотребнадзор) мекемесинин башчысы Анна Попова “британиялык штамм” атка конгон коронавирустун мутацияланган түрү Лондондон кайтып келген бейтаптан табылганын билдирди.

Бирок өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустун жаңы түрү Орусия боюнча тарай электе аныкталганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, вирустун жаңы түрү мурдагыдан тез жайылып жатканы белгилүү, бирок анын канчалык деңгээлде кооптуу экенине азырынча далил жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.