народный

Короновирусту жок кылуучу өсүмдүк белгилүү болду

Германиядагы Ульм медициналык университетинин молекулярдык вирусология институтунун окумуштуулары денедеги коронавирус инфекциясын 97 пайызга чейин өлтүрүүгө жөндөмдүү болгон табигый өсүмдүктү табышты. Бул тууралуу «bioRxiv» порталы жарыялады.
Изилдөөчүлөр кара четиндин (черноплодная рябина) ширеси SARS-CoV-2 вирусун 97 пайызга чейин өлтүрө тургандыгын аныкташкан. Бул ширеден сасык тумоонун вирусу да жоголгон. Көк чай жана анар ширеси да вирустарга каршы натыйжалуулугун көрсөттү.
«Биз кара четиндин ширеси, анар ширеси жана көк чай коронавируста жана сасык тумоодо вирулициддик активдүүлүккө ээ экендигин аныктадык. Бул шире менен оозду чайкоо ооздогу вирусту азайтат. Андан тышкары вирустун таралышын да азайтууга жөндөмдүү», – деп айтылат изилдөөдө

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru