народный

Коррупция фактысы боюнча Салык кызматы жана Финансы полициясынын кызматкерлери кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) менен Салык мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 20-февраль күнү Евразия экономикалык бирикмесине мүчө өлкөлөрдөн республикага мыйзамсыз товар киргизип турган туруктуу коррупциялык схеманын бети ачылган.

Бул боюнча Финполдун аймактык бөлүмүнүн жетекчилеринин бири Б.У.Р. менен Салык кызматынын А.С.М. аттуу жооптуу кызматкери колго түштү. Алар 2019-жылдан бери товарларды Кыргызстанга тоскоолдуксуз киргизип бергени үчүн акча алып турушкан деп шектелүүдө.

Эки кызматкер тең сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru