Коррупцияга каршы кызмат адамдарынын статусуна жана абалына карабай катаал саясат жүргүзүлүлүүдө

«Коррупцияга каршы кызмат адамдарынын ээлеген статусуна жана абалына карабай катаал саясат жүргүзүлүп жатат», – деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйында.

Мамлекет башчысы мындай убакыт аралыгындагы иштин жыйынтыктарынын бири болуп зыяндын ордун толтуруунун көрсөткүчтөрү эсептелерин айтты, деп билдирди презиленттин басма сөз кызматы.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында:

– сотко чейинки өндүрүштө бардыгы болуп 854 иш боюнча тергөө жүргүзүлгөн;

– келтирилген зыяндын кайтарылган суммасы – 7 млрд 464 млн сомду түздү.

«Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү. Жакынкы аралыкта Кеңештин алгачкы отуруму өтөт»,- деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru