КРнын өкмөт башчысы Мелис Мырзакматов болоору айтылууда

Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов дайындалат. Бул тууралуу kabarlar.org басылмасы өкмөттөгү жашыруун маалымат булагына таянып жазып чыкты.

 Мелис Мырзакматов Ош шаарына 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин мэр болуп, шаарды ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жергиликтүү элдин алкышына ээ болгон.

2013-жылы ишин тапшырып берип, чет өлкөгө чыгып кеткен.

Кийинчерээк Кытайда, андан соң Туркияда жашаганы маалым болду.

2020-жылы октябрдагы шайлоодон кийинки козголоңдо Ош шаарына кайтып келип, элди тынчтандырууга кошкон салымы үчүн, жарандык кошун ага шаардын мэри болууну сунуштаган.

Бирок, экс чиновник ага макул болбой, тынчтык орногон соң кайра Туркияга кете берген.  Эл арасында, “Мелис Мырзакматов мэрдин креслосунан баш тартып, өкмөт башчы болууну көздөгөн”-деп айтылып келген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.