КРнын Социалдык фондунун төрагасы Орозалиев кызматтан кетти

Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү тастыктады.

Министр «Ал 24 саат иштей албайт, ошондуктан мен аны жумуштан кетирдим,” -деп билдирди.

Жаныбек Орозалиев бул кызматты 2021 -жылдын май айынан бери аркалап келген.

Кийинчерээк Ж.Орозалиев өз каалоосу менен арыз жазганы белгилүү болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru