КТРКнын директорунун кызматына 15 талапкер арыз жөнөткөн
КТРКнын башкы директорунун кызмат ордуна сынакка катышуу үчүн 15 талапкер арыз берди. Бүгүн, 18-ноябрда, арыздар каралып баштады.
КТРКнын байкоочу кеңеши 29-октябрда КТРКнын башкы директорунун кызмат ордуна ачык сынак жарыялаган.
Сынак төрт этап менен өткөрүлөт. Ар бир кийинки этапка талаптарга ылайык тандоодон өткөндөр гана чакырылат.