КТЖ: Бишкек – Балыкчы жана Балыкчы-Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди күн сайын каттайт

«Кыргыз темир жолу» УК» Мамлекеттик ишканасы 2021-жылдын 19-июлунан 31-августуна чейин, Бишкек – Балыкчы жана Балыкчы-Бишкек багытындагы № 608/609 жүргүнчү поезди күн сайын каттай тургандыгын маалымдайт.

Билеттин баасы 69 сом (балдар үчүн 5тен 10 жашка чейин 34 сом). Поезддин курамы дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин 5 вагондон, жумадан жекшембиге чейин 9 вагонду камтыйт.

Саякаттан ырахат алыңыз!

Leave A Reply

Your email address will not be published.