Кубаны “Эта” бороону каптады
Кубаны тропикалык “Эта” бороону каптады. Ал буга чейин Никарагуа жана Гватемаланы аралап өткөн. Метеорологдордун циклон күчү алсырайт деген божомолдоруна карабастан, арал катуу жаан-чачындарды, суу ташкындарын жана катуу шамалдарды баштан кечирди. Ондогон үйлөр суу астында калышып, 25 миң адам эвакуацияланган.
Азыр “Эта” АКШнын түштүк-чыгыш тарабына жакындап келе жатат. Бороондун күчөшү күтүлүүдө. Флоридада буга чейин деңиз толкундарынын кескин жогорулашы жана шамалдын көбөйүшү байкалууда. Бийлик өзгөчө кырдаалдарга даярдана баштады.