Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште Өзбекстандын өкмөт башчысы менен чек арада эмнени сүйлөшкөнүн айтты

 Депутаттардын сунушу менен Жогорку Кеңеште биринчи  вице-премьер Кубатбек Боронов Баткен областынын Чечме айылында Өзбекстандын  өкмөт башчысы менен эмнелерди сүйлөшкөнүн айтты:

“2020-жылдын 30-майында эки тараптуу макулдашуунун негизинде эки тараптын адамдары булакты тазалоо үчүн макулдашып, тазалоо жумуштарын бирге жасашат. Тазалоо жумуштарынын эртеси 31-майда 12: 45 майда эки тараптын ортосунда булактын таандыгы боюнча талаш жаралат. Ал талаш мушташка айланып, 50-60ка жакын адамдар эки тараптан чогулуп кайым айтышуу башталып таш ыргытыша башташат. Укук коргоо органдары да келишет. Бирок ага да карабай, укук коргоо органдарына таш ыргытылат. Эки тараптан тең адамдар жабыркайт. Өзбекстандын 2 жаранын эки үйү, бизден бир адамдын сарайы өрттөнөт. 23:00 до кырдаал турукташат. Эртеси мен баштаган делегация менен Өзбекстандын өкмөт башчысынын жолугушуусу Чечме булак чек ара постунда болуп өттү. Тараптар окуяга өкүнүү менен кабыл алышканын билдиришти. Күнөөлүүнү жоопко тартуу сүйлөшүүлөр болуп өттү. Эки тарапттуу жолугушуудан кийин аксакалдарды чакырып мындай окуяны болтурбоо жөнүндө сүйлөштүк. Өзбекстан тарабынан бизге үч маселе коюлду. Риштан постун ачуу, Токтогул ГЭСинен суу алуу, Кайтпас постун ачуу жайыттар талаптар коюлду. Эч кандай бүгүн эртең ачып беребиз деген ой болгон эмес. Биз тараптан тең иштеп жаткан чек ара  комиссиянын ишин тездетүү боюнча талап койдук. 20-июнда эки тарап чогулат. Ал эми булактагы суу мурдагыдай эле колдонула беришет.  Ал эми социалдык тармакта тарап жаткан сөздөр боюнча дипломаттык иштер боюнча  Риштан посту чек ара жабылып калды. Бул кээ бир адамдардын шашылыш кабыл алынган чечиминен улам болду, муну өкүнүү менен билдиребиз деп айттык. Биз бажы биримдигине мүчө болгондуктан алардын талабын аткарабыз дедик. Өзбекстандын  өкмөт башчысы жакын арада кайтпас постун ачабыз дегени биз жакын арада бажы биримдигине өтөбүз, анан бажы биримдигинин чечимдерине ылайык чек араны ачтырабыз дегендей түшүндүрдү окшойт”-деди ал

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru