Кудрет Тайчабаров жаңы, жогорку кызматка дайындалды
Кудрет Тайчабаров “Бишкек” ЭЭАнын башкы дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул туурасында 13-ноябрда Tazabek ЭЭАда тастыктады.
Интернет булактарында маалымдалгандай, Кудрет Тайчабаров журналист болуп келген.
Буга чейин ЭЭАнын башчысы Дүйшөн Ирсалиев болгон, ал 2020-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен “Бишкек” ЭЭАнын башкы директору кызматынан бошотулган.