народный

Кумтөр кенинде абал тынч, массалык иш таштоо болгон жок – КГК

Кумтөр алтын кенинде абал тынч, эч кандай иш таштоо болгон жок, баардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Кумтөр голд компани” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Компания социалдык тармактарда ишкананын беделин түшүрүүгө жана анын ишмердүүлүгүнө шек келтирүүгө багытталган ушак-айың кептерге байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет:

– Теңиз Бөлтүрүк менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун жана Кумтөрдүн жумушун таштоого ниеттенип жатат делинген кызматкерлери менен жолугушуу болгон жок. Абал тынч, эч кандай иш таштоо болгон жок жана баардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Учурда кендин директору Кубанычбек Молдобеков менен подряддык уюмдардын жетекчилеринин ортосунда актуалдуу маселелер боюнча жыйын өтүүдө, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн “Кумтөр” менен иштешкен айрым жергиликтүү ишканалардын жумушчулары иш таштоого ниеттенип жатканы, алар облус жетекчиси менен жолугушууга киргени тууралуу маалыматтар тараган болчу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru