“Кумтөрдү” иштетүү токтобойт, жумуштарды 90% кыргыз жараны жүргүзүп келген!

Бүгүнкү күндө бир дагы бийлик аткара албаган кадамга барып, Кумтөрдү улутташтыруу процесси жүрүп жатат.  Буга чейин кенди иштетип келген «Центерра Голд Инк.» канадалык компаниясы менен болгон кызматташуу шарттары бир канча жолу кайра каралып чыккан.

Бирок ар дайым Кыргызстан утулуп калчу жана болгон пайдасын ошол эле чет элдик инвесторлор көрүп келет.

«Алгачкы милдеттенмелери жакшы эле болгон. Бирок компания кандайдыр бир жолдор менен биздин бийликти көндүрүп, инвестор уламдан-улам өз абалын жакшыртып, Кыргызстандын үлүшүн азайта берген. Алгачкы шарттар бузулгандан кийин андан аркысына көз жумуп коюшкан. Бизнесте эгерде макулдашуулар бузулуп жатса, өнөктөш ишенимсиз болуп эсептелет», — деп белгиледи Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын төрагасы Искендер Шаршеев.

Анын ою боюнча, «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен болгон талаш албетте

Кыргызстанга эл аралык аренада аброй алып келбейт.

Күчтүү маалыматтык чабуулга дуушар болобуз.

Бирок биз үчүн мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо маанилүүрөк болуп турат.

«Центерра голд Инк.» мамлекетибиздин кызыкчылыгын тебелеп-тепсеп, алтын кен канча иштесе ошончо мезгилден бери зыян гана келтирип жүрдү. Кумтөр иштегенден бери бир тарап алданып жүрөт – бул Кыргызстан», — дейт Шаршеев.

Ал эми кыргызстандыктар болсо учурда мамлекеттин гана позициясын колдогону оң. Анткени канадалыктар, компанияда иштегендер пиарга акчасын болушунча чачып, булар кетип калса эле өндүрүш токтоп калып, таланып-тонолуп, бир да инвестор мындан ары келбей, жумушсуздук, жакырчылык каптап, өлкөнүн иши таптакыр жүрүшпөй калат деп коркутушууда.

А чынында бул жөн гана көзгө чөп салуу.

Кендеги 90 пайыздан көп жумушту ансыз деле жергиликтүү калктан чыккан жумушчулар аткарып келишкен. Канадалыктар кетсе эле алар жумушсуз калат деген натуура ой – иш улана берет, өндүрүш токтоп калбайт. Канадалыктар башкаруучу гана кызматтарды аркалаган.

Ал эми канадалыктар болсо башкаруучу, чечим кабыл алуучу гана деңгээлдеги кызматтарда болгондуктан, ар кандай бузуулар да ошондон улам көп болгон.

Мамлекет кенди иштетүүнү, буюрса, ийгиликтүү уланта берет.

Инвестор келтирилген чыгымды толугу менен төлөп, өндүрүштөгү мамлекеттик комиссия таап чыккан кемчиликтерди оңдоосунан да көз каранды.

Бирок мындан ары «Центерра Голд Инк.» менен азыркы шарттарда кызматташуу мүмкүн эместиги белгилүү болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru