«Кумтөрдөгү» келишим түзүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча тергөө башталды

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн “Кумтөр” алтын кенин изилдөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиясынын материалдарын изилдеп, анын негизинде коррупциялык укук бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 1992-жылдан 2019-жылга чейинки учурда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын айрым жогорку даражалуу жана башка кызмат адамдары “Кыргызалтындын” жетекчилиги менен биргеликте “Камеко”, “Центерра Голд Инк” канадалык компанияларынын, ошондой эле “Кумтөр Оперейтинг Компани» жана “Кумтөр Голд Компанинин” өкүлдөрү менен материалдык жана башка кызыкчылыктарын көздөгөн туруктуу байланыштарды түзгөн.

“Кумтөр” алтын кенин көрсөтүлгөн канадалык компаниялар жоопкерчиликсиз иштетүү үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген бир катар макулдашуулардын кесепетинен жаратылыштын кайра калыптанышына мүмкүн болбогон, мамлекетке миллиардаган зыян алып келген жана өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурулган.

18-майда бул факты Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru