Кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы дан эгиндерин жыйноонун азайышына алып келди

 

 Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 380 миң гектар аянттан жыйналды, бул 1,8% га көп, 536 миң тонна дан бастырылды, же 46,8 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Мында, жалпысынан республика боюнча дан эгиндери үстүбүздөгү жылы чабыла турган аянтынынан 66% жакын аянты жыйналып алынды, анын ичинде Нарын облусунун чарбаларында – 2,3%, Ысык- Көл – 34% жана Талас облусунун чарбаларында – 59% аянты жыйналып алынды.

23 -августка карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналышы

Иш жүзүндөӨткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата
20202021+, –пайыз менен
Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчакөсүмдүктөрсүз, күрүчсүз жана гречкасыз), миң га372,9379,66,7101,8
Бастырылган дан – бардыгы (алгачкы кабыл алынгансалмакта) миң т1 007,8536,2– 471,653,2
1 гектардан бастырылды, ц2714,1– 12,952,2
Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т504,0274,8– 229,254,5
Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т423,1189,7– 233,444,8
Жыйналган тамеки (физикалык салмакта) миң т0,580,640,06110,6
Казылган картошка аянты, миң га19,718,1– 1,691,8
Жыйналган картошка, миң т316,9285,1– 31,889,9
Жыйналган жашылча өсүмдүктөрү, миң т602,6587,9– 14,797,6
Жыйналган бакча өсүмдүктөрү миң т207,7193,8-13,893,3
Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, миң т101,294,7– 6,693,5

Үстүбүздөгү жылдын жайында аномалдуу жогорку температура жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө алып келди. Мында, жалпысынан республика боюнча буудайдын дүң жыйымы – 45,5%, арпанын – 55,2%, картошканын – 10,1%, бакча өсүмдүктөрүнүн – 6,7%, мөмө -жемиштердин – 6,5% жана жашылчанын дүң жыйымы – 2,4% кыскарды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru