Курманкул Зулушев: “Бажы тармагына текшерүүлөр жүргүзүлөт”

Бул тууралуу башкы прокурор жыйын учурунда билдирди:

 «Прокуруратура – мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн орган. Өзүнүн ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарынын негизинде саясаттан тыш алып барат. Саясий куугунтук менен алектенбейт. Биз коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзөбүз.  Эл оозунда айтылып жүргөн бажы, салык, медицина, курулуш жана башка тармактарга текшерүүлөр уюштурулат. Бул багытта иштер күчөтүлөт»-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru