Курманкул Зулушев бир катар жарандарды кабыл алды

Кыргызстандын Башкы прокурору Курманкул Зулушев ар кандай талаптары менен келген бир катар жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соттук процесстерди кечиктирүү, кылмыш иштерин тергөөдөгү кемчилдиктер, кыймылсыз мүлк талаш-тартыштары, коронавирус пандемиясы учурунда насыяга болгон пайыздардын өсүшү жана башка маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Өз кезегинде Зулушев прокурорлордон мыйзамга ылайык, арызда көрсөтүлгөн себептер боюнча чечим кабыл алууну талап кылды. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө прокуратура органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгиледи. Бул багыттагы иштер улантылат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru