Курманкул Зулушев эгерде башкы прокурор болуп калса, кантип иштеерин журналисттерге маалымат берди

Курманкул Зулушев журналисттерге Башкы прокуратураны жетектөө боюнча президенттин кызматын аткаруучу Садыр Жапаровдон сунушту оозеки алгандыгын айтты. Зулушевдин айтымында, эгер ал башкы прокурор болуп калса, анда биринчи кезекте коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү милдети турат. Ошондой эле, ал саясий куугунтукка каршы экендигин жана мындай тажрыйбаны жок кылууга аракет кыларын билдирди. «Өткүрбек Жамшитов прокуратура тутумун жакшы билген, кесипкөй адам болгон, бирок чуулгандуу саясий иштерде бир тараптуу болгон», – деп билдирдиЗулушев. Эскерте кетсек, бүгүн, 21-октябрда, Өткүрбек Жамшиов Башкы прокурордун кызматынан арыз бергени белгилүү болду. Профилдик комитет бул арызды кабыл алды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru