Курсан Асанов өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалган абакта калтырды

Бүгүн, 14-октябрда Ленин райондук сотунда Курсан Асановдун бөгөт чарасы каралды. Аталган райондук соттун маалымат кызматынан билдиришкендей, судья Асановду №50 тергөө абагында калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

14-сентябрь күнү ИИМдин тергөө кызматы тарабынан “бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча шектүү катары Курсан Асанов кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Эки күндөн кийин Асановго карата бөгөт коюу чарасы каралып, 14-ноябрга чейин камакка алуу боюнча чечим чыккан. Ал Юстиция министрлигине караштуу №50 тергөө изоляторуна камакка алынган.

Жактоочу Икрамидин Айткулов Курсан Асановдун өтө оор кылмыш жасагандар кармалган абакка камакка алынганы боюнча сотко кайрыларын билдирген.

Белгилей кетсек, №50 тергөө абагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан. Анда негизинен өмүр бою эркинен ажыратылган, өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдар кармалат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru