Курсан Асанов боюнча аудио сүйлөшүү монтаждалганбы?

Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио экспертизадан чыкты. Бул туурасында Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

«Социалдык тармакка тараган аудиону Орусия жана Казакстандагы адистешкен экспертизага жөнөткөм. Эки экспертиза тең аудио монтаждалган деген тыянак чыгарып берди. Алты жеринен монтаждалыптыр», — дептир Жакупбекова.

Буга чейин социалдык тармактарда аталган эки жарандын аудио сүйлөшүүсү тараган. Анда бийликти басып алуулар боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Ушул аудиону негиз кылып Сарыбаев менен Асанов экөө тең камакка алынган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru