Курулуш материалдары сатылган эң ири базардан өрт чыкты-(ВИДЕО)

Дүйшөмбүдө курулуш материалдары жана тиричилик техникасы сатылган эң ири базар “Султони Кабир” базарында өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты Avesta билдирди.

Гезит маалымдагандай, базардын дөңгөлөк соодасы жүргүзүлүп жаткан бөлүгү өрттөндү.  Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү бир нече топ барган.

Бул  “Султони Кабир” базарындагы биринчи өрт эмес. 2018-жылдын июнь айында базардын аймагында жайгашкан соода борборунда өрт чыккан.

Күйүү аянты 1,2 миң метрден ашты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru