Куурчакка үйлөнгөн Казакстан жараны жубайынын көзүнө чөп салганын айтты

Куурчакка үйлөнгөн Казакстан жараны Юрий Толочко жубайынын көзүнө чөп салганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Толочко социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, “мен өзүмө жаңы эрмек таап алдым” деп жазган.
“Муну жубайыңыздын көзүнө чөп салуу деп эсептесе болобу” деген суроо салган комментарийге ал “ошентип эсептесе да болот. Жубайым ооруканада жаткандыктан ушул ишке бардым”,- деп жооп берген.

Нур-Султан шаарынын жашоочусу резина куурчакка үйлөнгөнүн өткөн жылдын декабрь айында жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.

Кийинчерээк ал жубайлыкка алган резина куурчагын сындырып алганы белгилүү болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.