Кыйын кырдаалда элге жардам берген ишкерлерге Президент ыраазычылык билдирди
Бүгүн, 31-мартта Президенттин катышуусунда өлкөдөгү абал боюнча отурум болуп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус деп аталган илдеттин кесепеттерин жою жана мамлекеттеги азык-түлүк коопсуздугун чечүү боюнча маселелерге токтолду. Сүйлөп жатып, учурда колунда жок калктын катмарына жардам таратып жаткан ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди.
“Бизнеске доо кетип жатат. Күнүмдүк жумуштарда иштеп, үй-бүлөсүн баккан абдан көп мекендештерибиз бар. Аярлуу катмардагы жарандарыбыз бар. Алар колдоого муктаж. Мунун баарын көрүп, түшүнүп турам. Жер-жерлерде колунда барлар, ишкерлер айылдаштарын колдоп жатат, аларга рахмат”-деди өлкө башчысы.