Кырдаалды турукташтыруу максатында чек ара кызматынын орун басар Баткенге учуп кетти

Башкы штабдын башчысы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна учуп кетти. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Алимбаев укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин координациялоо максатында жана Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө аймагында 25-октябрда болгон жаңжалдын курчуп кетишинин алдын алуу жана кырдаалды турукташтыруу максатында учуп кеткен. Ушул тапта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын абалы туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru