Кыргыз өкмөтү БУУДан шайлоо өткөрүүгө жана пандемия менен күрөшүүгө каржылык жардам сурады

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева коронавируска жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүдө, ошондой эле шайлоо процессин өркүндөтүүдө уюмдун өнүгүү программасынан жардамды күчөтүүнү суранды.  Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 Маалыматка караганда, Миргүл Молдоисаева БУУнун Өнүктүрүү Программасынын администратору Ахим Штайнер менен виртуалдык жолугушуу өткөрүп, кызматташуунун келечегин талкуулады.

 Ахим Штайнер Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерди, анын ичинде мыйзамдуулук, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана алдыга жылдыруу сыяктуу тармактарда дагы деле болсо берилгендигине ишендирди.

 Ошондой эле, учурда коронавирус эпидемиясынын кесепетинен келип чыккан кырдаалды жеңилдетүү боюнча Кыргызстандын муктаждыктарын баалоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын, андан кийин кошумча каражат бөлүү жана техникалык жардам көрсөтүү маселелери чечилээрин айтты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.