Кыргыз өкмөтү малдарды жана айрым товарларды экспорттоого тыюу салат

Тыюу салуу алты ай бою күчүндө болот. Өкмөт мындай чечим өлкөдө продукциянын жетишсиздигин алдын алуу максатында кабыл алынганын белгиледи.
Өкмөт малдарды жана товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом чыгарды, деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Документте Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары айыл чарба продукциясын экспорттоого тыюу салынат деп жазылган. Реэкспорт, транзит, ошондой эле өкмөт тарабынан берилген гуманитардык жардам учурундагы экспорттоодон тышкары.
Чечим продукциянын тартыштыгын алдын алуу жана калктын улуттук коопсуздугун эске алуу менен кабыл алынды. Документке премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Тыюу салуу алты айга киргизилди.
Экономика министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына, Дүйнөлүк Соода Уюмунун Кепилдиктер Комитетине бул жарлык жөнүндө билдириши керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу Комитетине расмий түрдө маалымдашы абзел.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка, Мамлекеттик ветеринардык инспекцияга, Чек ара кызматына товарлардын мыйзамсыз экспорттолушуна бөгөт коюу чараларын көрүү тапшырылды.

Экспортко тыюу салынган товарлардын тизмеси:
жылкылар, эшектер, качырлар жана хинни;
бодо мал;
кой-эчки;
тоок, өрдөк, каз, индюк;
буудай жана меслин;
арпа;
жүгөрү;
күрүч;
ун;
өсүмдүк майы;
шекер;
тооктун жумурткасы;
туз (йоддолгон, жана тамак-аш);
жем (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан азыктары).
Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттап жатат. Тактап айтканда, эттин баасынын жогорулашы байкалууда. Уй этинин килограммы буга чейин 450 сомго жеткен.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Казакстандан жаныбарларды экспорттоого тыюу салынгандыгына байланыштуу, Өзбекстан жана Тажикстанда Кыргызстандан малга суроо-талап бар экендигин билдирди. Мындан тышкары, көптөгөн сатуучулар кырдаалдан пайдаланып, бааларды көтөрүп кетишкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.