народный

Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун урматына мемориалдык такта орнотулду

Бүгүн, 28-октябрь күнү кыргыз Эл акыны, прозаик, драматург, котормочу жана публицист Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата өзү жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, кесиптештери, уул- кыздары жана жакын туугандары катышты. Кыргыз адабиятына, маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Эрнис Турсуновго Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген ардактуу наамдар берилген. Адабият, маданият тармагындагы берилүүчү “Түгөлбай-ата” эл аралык коомунун, А. Токомбаев, Ж. Бөкөнбаев, Т. Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты, грамоталар жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru