Кыргыз Эл Баатыры, драматург Бексултан Жакиевге эстелик коюлду

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» орденинин, «Даңк» медалынын сыйлануучусу, драматург Бексултан Жакиевдин жана байбичеси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Сабира Турсункулованын «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү бейитине эстелик коюлду.

Эстеликтин ачылышы бүгүн, 12-майда болуп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле адабият, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, уул-кыз, небере-жээндери катышты.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1962-жылы Москвадагы киносценарийчилердин жогорку мектебин аяктаган. 1963-1968-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, 1968-1972-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинде кызматкер, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, ушул эле жылдарда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комитетинин төрагасы кызматтарында иштеген.

Бексултан Жакиевдин чыгармачылык жолунун башаты да, мыкты драматург катары таанытып, атак-аброй алып келген да «Атанын тагдыры» драмасы болгон. 1959-жылы жазылган драма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу, жалпы эле республикалык жана чет элдик театрларга 1000ге жакын жолу коюлган.

Мындан тышкары «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең жаңы жыл», «Жолугушуу», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза», «Көздөн учкан Ата журт» сыяктуу бир катар драмалардын, бир канча аңгеме, повесть, очерк, эсселердин, «Азамат Алтай» «Бороондуу жолдо» сыяктуу көптөгөн китептердин автору. Бексултан Жакиев көзү өтөрдүн астында эле окурман журтуна өзүнүн баскан жолун баяндаган «Өмүр өтөт билинбей» аттуу мемуардык романын тартуулаган.

Бексултан Жакиев жеке чыгармачылыгынан сырткары мамлекеттик кызматтарда да үзүрлүү эмгектенип, кыргыз маданиятына, айрыкча манасчылык, төкмөлүк өнөрдүн эгемен Кыргызстанда өнүгүп-өсүшүнө, чет элге таанылышына өзгөчө салым кошкон.

Залкар драматург 2021-жылы 25-апрелде 85 жашында дүйнөдөн өткөн.

Кыргыз Эл Баатырынын алтымыш беш бирге өмүр сүргөн байбичеси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Сабира Турсункулова эки күндөн кийин, 27-апрелде көз жуумп, сөөгү Бексултан Жакиевдин жанына жерге берилген.

Сабира Турсункулова 1937-жылы 10-мартта Талас районундагы Көк-Ой айылында туулган. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин аяктаган. Окуусун аяктагандан тарта 2016-жылга чейин Маданият министрлигинин экономикалык пландоо бөлүмүндө иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru