народный

Кыргыз эли намысын колдон алдырган эмес


Биз намыстуу элбиз. Кыйындыкта биригип, бир муштумга биригүү менен далай жоону жеңип келген. “Башканы коюп Манасты айт” демекчи, бүгүнкү күндө биздин негизги максатыбыз биримдикте болуп, бүтүндөй дүйнө эли чочулап турган коронавируска каршы аракеттерди көрүү болуп турат. Эзелтеден эле элибиз пейили кенен болгон. Кыргыз эли канча кылымдардан бери өзүн-өзү сактап келатат. Бизден башка канча деген элдер, мамлекеттер жоголуп кетти. А биз сакталып келе жатабыз. Кыргыз эли жаратылышында көр оокат чогултуп, алтын жыйнабаган эл экендиги тарых булактарында деле жазылып, айтылып келе жатат. Кыргыз эли руханий байлыкты көбүрөөк чогулткан эл экен. Ошон үчүн улуу чабыштарда сынбай, бүлүнбөй, жоголуп кетпей, биримдикте болуп, кайра жыйналып, бирине-бири кол сунуп, жөлөп-таяп, кыйын күндөрдү жеңип келген. Мунун бардыгынын аркасында биздин элдин, эр-азаматтардын, кыз-келин, энелердин канында билинип-билинбей ойноп турган намыс деген күчтүү сезим турат.
Намыс ойгонгон кезде көралбастык, ичи тарлык, байлыгың да, керек десе жаның дагы эч нерсеге татыбай калган учурлар болот. Туура, бүгүнкүдөй ааламдашуу доорунда, турмуштук ар кандай сыноолордон улам кыргыз уул-кыздары бүтүндөй дүйнө жүзүнө тарап, окуп, иштеп, ал тургай ошол жерлерди жердеп, жашап калган учурлар да бар. Ошонун аркасында ар кандай элдердин салт-санаасы, маданияты биздин кыргыз элине дагы аралашып, дүйнө таанымыбыз өзгөргөнсүп бара жатат. Бирок, кандагы намыс деген улуттук улуу сезимди кайда катабыз. Эмнеге биз бүгүн кичине кыйынчылык болсо ун-талканды талап алып, бири-бирибизди тономойго өтүшүбүз керек?! Эмне үчүн кыйчалыш учурдан пайдаланып, кары-картаңдардын чөнтөгүн кагып, өз жаныбызды ойлошубуз керек?! Бирикпейлиби?! Оору келе жатат десе эле кара башын ойлоп кайсалап калуу кыргыз жигиттерине таандык сапат беле?! Жок. Кыргыз жигиттери катын-калачтары менен балдарын калкалап, жоого тике караган эр жүрөк, намыска бек болгон. Бүгүн да андай эр-азаматтарыбыз көп.
Кимдир бирөөнүн жалган чуусуна алданып, кара жанды ойлобой, элди бүлүккө салбай, тескерисинче биримдикке чакырып, ынтымакка чакырып, ушактар менен иш кылбай, мамлекетибиздин бүтүндүгү, элдин биримдиги үчүн ар бирибиз ойлонсок кантет. Эгер ынтымак менен бир пикирге келип, жыра талашып, ыңгайы келе калганда саясат жасап, элди бөлбөй, бириге турган болсок, канча деген кыйын учурларды жеңип келген кыргыз эли бүгүнкү коркунуч туудурган ооруну да жеңет. Муну өткөн тарых далай ирет тастыктап берген. Кыргызстан деген кемеде азыр эмне деген гана улуттардын өкүлү бар. Ошолорго шылдың болбой кыргыз деген көсөм эл бар экендигин, жоголбогондугун, материалдык байлыкка эмес, жан дүйнөсүнүн байлыгына умтуларын, намыстуу, көрөгөч, ынтымактуу эл экендигин далилдейли. Душман өзүбүздөн чыккан учурлар бар. Ал эзелтеден келе жаткан көрүнүш. Ошол душмандар бул ирет дагы ичтен иритип, улутубуздун келечегине коркунуч келтиргендигин алдын алалы. Элибизде “Күч бирдикте!” деген улуу сөз бар. Бул баарыбыз үчүн улуттук ураан болуп, Кыргызстанда жашаган, төрөлгөн, мекеним деп эсептеген ар бир жаранды баалаганды, урматтаганды, бир тууганыбыздай көргөндү улуттук идеологиянын өзөгүнө кайрадан айландыра алсак кана?! Ошондо гана Кыргызстан алдыга жылмак, өнүкмөк. Ошондой коом гана ыкчам өнүгүп, башкалардан алдыга чыгаарын адамзаттын миңдеген жылдык тарыхы нечен ирет далилдеп келе жатат. Келгиле намыстанып, бирге иш алып баралы. Кыргыз эли дагы көп кылымдарды карытып, өсө берсин. Мамлекетибиз бекем болсун! Күч бирдикте!

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru