“Кыргыз көмүр” ишканасы Баткенге жардам катары 500 миң сом жөнөттү

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактан улам жабыркагандарга жардам катары 500 миң сом жөнөттү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган ишкана жана анын “Кара-Кече” жана “Ысык-Көл” филиалдарынын кызматкерлери чек арада жыбар тарткандарга колдоо көрсөтүү максатында бир күндүк айлык маянасын которушту.

“Кыргыз көмүр” ишканасынын жалпы жамааты жакындарын жоготкондордун кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат”,-деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.