народный

Кыргыз-Катар аскердик жана аскердик-техникалык маселелер талкууланды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушту.

Башкы штабдын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик жаатта кызматташуу жөнүндө Макулдашуу долбооруна байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Генерал-майор Өмүралиев өз ара пайдалуу долбоорлорду андан ары өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн негиз болуп бере турган эл аралык келишимди түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Өмүралиев кыргыз-катар аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгынын потенциалын ачып,  өнөктөштүк мамилелерди орнотууга ишеним билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru