Кыргыз-Казак чек арасында 4 чатыр орнотулду
Казакстанда болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жана анын кесепетинен жабыр тарткан жергиликтүү тургундарга, аргасыз жер которгондорду, качкындарды кабыл алууга чатырлар орнотулду. Тактап айтканда, Казакстан менен чектешкен Ак-Жол, Ак-Тилек, Кең-Булуң жана Токмок текшерип өткөрмө постторуна ӨКМ тарабынан 10 орундуу 4 чатыр коюлганын аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясы тарабынан “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келген Казак жарандарын тосуп алып, постторго жеткирүү жана мейманканага жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.