Кыргыз-казак чек арасында чектөөлөр киргизилди


Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү-бекеттерине айрым чектөөлөр кирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, эми учурда иштеп жаткан “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол”, “Чоң-Капка” “Каркыра” өткөрүү бекеттеринен Казакстанга казак жарандары гана өтө алат. Ал эми Казакстандан кыргыз мамлекетине өтүүгө чектөө жок.

“Кен-Булуң” жана “Токмок” өткөрүү бекеттерин Казакстан 7-январда бир тараптуу жапкан боюнча турат.

УКМК өткөрүү бекеттеринде чектөөлөр өзгөрүшү мүмкүндүгүн эске салат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru