Кыргыз келиндин сөөгүн жиликтеп салган түрк кайын ата, окуянын себебин айтты

Шектүүнүн полиция бөлүмүндө берген көрсөтмөсүндө, келинине окуя болгон күнү неберелери жакшы каралбаганын эскерткен. Бирок келини аны кемсинткендиги үчүн ал ушундай кадамга барган.

Эске салсак Түркияда Кыргызстандын жаранын (31 жаштагы келин) мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен анын кайын атасы кармалган. Бул маалыматты 12-октябрда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады.

Окуя Текирдаа шаарында болгон. Маалыматтарга таянсак, 65 жаштагы Фехми менен 31 жаштагы келини А.Аяттын ортосунда чыр чыккан. Аят менен Фехминин уулу (окуя учурунда үйүндө жок болчу) 2 балалуу болушкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru