Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууларды жандандыруу үчүн даядыктар башталды

Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууларды жандандыруу үчүн даярдык иштери башталды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. 

 «Республикалык ыкчам штаб тарабынан кыргыз-кытай чек арасы аркылуу унаа каражаттары менен жүк ташууларды жандандыруу маселеси каралды. Коңшу өлкөгө тийиштүү нота жөнөтүлдү», – деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

 Буга ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрмө жайларында жүк ташууну жандантуу боюнча кытай тарап менен даярдык көрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле кыргыз жүк ташуучулары үчүн шарттарды түзүүнү эске алуу менен бул процесстин механизмдерин жана алгоритмин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. 

Кытайдан импорттолгон товарлардын түзүмүн талдоо көрсөткөндөй, чек аранын жабылышы жеңил өнөр жай жана текстилдик өндүрүштүн ишмердүүлүгүнө, жабдууларды ташууга бир кыйла таасир берген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru