Кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелеринин өнүгүү келечеги талкууланды

2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги «Азыркы шартта ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүү» Кытай Коомдук Илимдер Академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институту менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул видеоконференциянын жүрүшүндө элчи К.Бактыгулова Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалды турукташтыруу жөнүндө айтып, Кыргыз Республикасынын өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин аткарууга, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен достук мамилелерди өнүктүрүүдө үзгүлтүксүздүктү сактоого милдеттүү экендигин билдирди. Ал айрыкча Кыргызстандын тышкы саясатында Кытай менен кызматташуу негизги приоритеттердин бири экендигин белгиледи. Кытай Кыргызстандын жакшы коңшусу, ишенимдүү досу жана стратегиялык өнөктөшү. Ошондой эле, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, аймактык коопсуздук жаатында кызматташуу, кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелеринин өнүгүү келечеги талкууланды. Кытай Коомдук Илимдер Академиясынын өкүлдөрү өз кезегинде Кыргыз Республикасынын мындан ары туруктуу өнүгүүсүнө үмүт артышты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru