“Кыргыз почтасынын” башкы директору митингге чыккан кызматкерлерге люстрация жүргүзүүнү убада кылды

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин жолугушуусуна башкы директор Дамир Моңолдоров чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда мамлекеттик ишкананын кызматкерлери журналисттерге билдиришти.

Алардын айтымында, жетекчилик кызматкерлердин көйгөйлөрүн чечип берүүнү жана компаниянын структурасында люстрация жүргүзүүнү убада кылды.

«Бизге жок дегенде 31-ноябрга чейин күтүү керек, андан кийин жылыштар болот деп айтышты. Күтөбүз», – дешти алар.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте почта кызматкерлеринин нааразылык акциясы өттү. Маалыматка ылайык, 25тей кызматкер маянасынын аздыгына арызданып жатышат. Акциянын катышуучулары коронавирус пандемиясынан кийин ай сайын төлөнүүчү сый акыны алып салышканын, маяна 5-7 миң сомдун тегерегинде экенин билдирип, бул акчага азыркы шартта жашоо дээрлик мүмкүн эмес экенин белгилешкен. Алар айлыктарын 50 пайызга көтөрүүнү талап кылышты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru