народный

«Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков „Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 22-январында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасында товар биржалардын жана биржа соодасынын иштеринде келип чыгуучу мамилерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII «Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» Мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru