Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: Акыркы айларда мигранттардын которуулары кескин өсүүдө
Жыл башынан бери акча которуулардын көлөмү кыскарган, бирок июнь-сентябрь айларында 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш болду.
Ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейин мигранттардын которууларынын көлөмү 1 миллиард 728,8 миллион долларды түздү, деп маалымдайт Улуттук банк.
Өткөн жылдын ушул мезгилине карата 1 миллиард 780,3 миллион доллар түшкөн. Белгилей кетсек 2020-жылдын башынан бери түшүүлөрдүн көлөмү кыскарган, бирок июнь-сентябрь айларында 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш болду (дээрлик 184 миллион долларга).
Жыл башындагы маалыматтар (2019-жылга салыштырмалуу айырма кашаанын ичинде көрсөтүлгөн):
Январь – 148,5 миллион доллар (16,7 миллион долларга кем);
Февраль – 161,1 миллион (14,3 миллионго кем);
Март – 144 миллион ( 51,8 миллионго кем);
Апрель – 76,3 миллион (123,8 миллионго кем);
Май – 165,3 миллион (29 миллионго кем);
Июнь – 277,9 миллион (86,3 миллионго кошулду);
Июль – 248 миллион (23,3 миллионго кошулду);
Август – 237,4 миллион (18 миллионго кошулду);
Сентябрь – 266,2 миллион (56,3 миллионго кошулду).
Мигранттардын которуулары Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Алар республиканын ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.